Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

ИИМ: Уюшма кылмышкерлердин эң көбү Көлбаевдин тобунда (видео)


Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

Кыргызстанда кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү катары милициянын каттоосуна алынгандардын эң көбү Камчы Көлбаевдин тобуна кирет. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып айтты:

- 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыгында автоматташтырылган база ачылган. Учурда анда атайын каттоодо уюшма кылмыштуу топтордун 523 жигердүү мүчөсү турат. Көлбаевдин тобунда 424, Бокушевдин тобунда 50, Батукаевдикинде 49. Мындан тышкары, жогорудагы топторго тиешеси жок 941 адам да ар кандай кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо. 2017-жылы ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн милиция уюшма топтун 241 мүчөсүн кармап, кылмыш жообуна тарткан. Кармалгандардын арасында криминалдык чөйрөнүн жогорку тепкичин ээлеген үч адам бар. 2017-жылы атайын каттоого мындай топтордун 129 мүчөсү алынган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги быйыл февралда Көлбаевге өз аймагына кирүүгө тыюу салды. Былтыр декабрда АКШ да аны “кара тизмеге” киргизген.

Кыргызстанда Көлбаевге “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, киши уурдаган жана адамдын денесине залал келтирген” деген сыяктуу 10 берене боюнча айып тагылган. Тергөө учурунда аны айыптагандар да, күбөлөр да сотко келгенде мурдагы көрсөтмөлөрүн танып, Көлбаевге эч кандай доосу жок экенин айтып чыгышкан. Ал 2014-жылы жайында тергөө абагынан бошогон. (RK)

XS
SM
MD
LG