Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:38

Ошто базарда иштегендер митингге чыгышты


Ош шаарынын мэриясынын алдына чогулгандар.

Ош шаарынын борбордук базарынын 100дөй соодагери мэриянын алдына митингге чыкты. Алар базардын кире бериш жагындагы контейнерлерди бузуу боюнча мэриянын демилгесине каршы чыгууда.

Чогулгандар менен мэриянын аппарат башчысы Алмазбек Осмонов жолугушуп, шаар бийлиги өрт кырсыктарынын алдын алыш үчүн ушундай чара көрүп жатканын түшүндүрдү.

29-майда Ош шаарынын борбордук базарында соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, коңшулаш соода жайларын каптаган. Натыйжада бир нече соода жайы күйүп кеткен. Буга байланыштуу шаардын жетекчилиги базарды иретке келтирүү иштерин баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Ош шаарынын борбордук базарын толугу менен бузуп, башка жакка көчүрүү тууралуу демилгелер мэриянын деңгээлинде байма-бай айтылып келген. (ErN\YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG