Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

“Идеал Хаус” боюнча үч адам шектүү катары камакта отурат


Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр.
Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр.

“Идеал Хаус” боюнча үч адам камакта отурат. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Ал тергөө уланып жатканын жана иш аягына чыгарыларын айтты:

- "48 үй боюнча бааны 82 миллионго ылдыйлатып сатып жиберишкен" деген негизде иш козголгон. Айыптар угузулуп, үч адам бүгүнкү күндө камакта отурат. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул иш аягына чыгарылат.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкекте "Идеал Хаус" деп аталган турак-жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынганы кабарланган.​ Алар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан "Идеал Хаус" комплексиндеги имараттарды сатууда "бааны арзандатууга катышы бар" деп шектелүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG