Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:36

Парламент жаңы башкы прокурорго баа берүүнү коё турмай болду (видео)


Башкы прокуратура.

Жогорку Кеңеш бүгүн башкы прокурордун 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары аткарган иштер тууралуу отчетун укту.

Жыйынтыгында токтомго азыркы башкы прокурор кызматка киришкенине бир ай гана убакыт болгонуна байланыштуу анын отчету эске алынып, 2017-жыл боюнча мурдагы жетекчинин иши "канааттандырарлык эмес" деп табылганы белгиленип жазылмай болду.

Депутаттар Мыктыбек Абдылдаев менен Талант Мамытовдун “башкы прокурордун 2017-жылдагы иши канааттандырарлык эмес деп табылганын жана президенттин сунушу менен парламент Индира Жолдубаеваны башкы прокурордун кызматынан бошотууга макулдугун бергенин эске алып жаңы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жыл боюнча берген отчет эске алынсын” деген сунушу көпчүлүк депутаттын колдоосун тапты.

Ошону менен катар депутат Акылбек Жапаровдун “президенттин 2018-жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинде мыйзамсыз козголгон 635 иш боюнча айткандарын аткаруу, андайга жол берген тергөөчүлөр менен прокурорлордун ар бирин карап чыгуу” тууралуу сунушу да колдоо таап, парламенттин токтомуна кирди.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев “мурдагы саясий өңүттө каралган кылмыш иштери жакшылап көзөмөлгө алынып, мыйзам талаптарына ылайык чечим кабыл алынсын” деген сунуш киргизди. Ал да жалпы жыйындан колдоо тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG