Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Трамп: чек арадагы дубал үчүн Мексика төлөйт


Президент Дональд Трамп Теннессиде жактоочулары менен жолуккан учур. 29-май, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп Теннессиде жактоочулары менен жолуккан учур. 29-май, 2018-жыл.

АКШнын президенти бул тууралуу 29-майда, Теннесси штатында өз жактоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

- Акыр аягында дубал үчүн Мексика төлөйт. Мен силерге жөн эле айтып коёюн. Кандайдыр бир көйгөй жараткым келбейт, бирок акыр-аяында дубал үчүн Мексика төлөйт.

Президент Дональд Трамп өз сөзүндө ошондой эле мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого жардам бербей жатканы үчүн Мексиканын бийлигин да сынга алды.

Өз кезегинде Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето “Твиттер” баракчасы аркылуу “Мексика дубал үчүн эч качан төлөбөйт” деп жооп кайтарды.

Президент Дональд Трамп мыйзамсыз миграцияны ооздукташ үчүн АКШ менен анын түштүк коңшусу Мексиканын чек арасында дубал тургузуларын, анын чыгымын Мексика төлөй турганын айтып 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө да убада берген.

Апрель айынын башында Трамп Улуттук гвардиянын төрт миңдей аскерин АКШнын Мексика менен чек ара райондоруна жөнөткөн, ошондой эле чек араны бузгандар "сот чечимине чейин кое берилбесин" деген меморандумга кол койгон.

АКШнын түштүк чек арасынан мыйзамсыз өткөндөр президент Дональд Трамп бийликке келген алгачкы айларда азайган.

Бирок “Ассошиэйтед пресс” агенттиги билдиргендей, жаңы статистика маселен март айында АКШнын түштүк-батыш чек арасынан өтүүгө аракеттенген 50 миңдей киши кармалганын көргөзгөн.

Бул февралга салыштырганда 37%, ал эми 2017-жылдын март айына салыштырмалуу 203% көптүк кылат.

XS
SM
MD
LG