Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

АКШ Сириянын Абхазия менен Түштүк Осетияны таанышын айыптады


Түштүк Осетиянын аскердик күчтөрү. 5-июль, 2015-жыл.
Түштүк Осетиянын аскердик күчтөрү. 5-июль, 2015-жыл.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерттин билдиргенине караганда, АКШ “Орусия оккупациялап алган Грузиянын аймактары Абхазия жана Түштүк Осетия менен дипломатиялык мамиле түзүү боюнча Сирия режиминин ниетин кескин айыптайт”.

Вашингтондун өкүлү “бул аймактар - Грузиянын бөлүгү” деп кошумчалап, "Москва өз күчтөрүн Орусия менен Грузиянын 2008-жылдагы кыска согушуна чейинки чектерине алып кетиши керек" деп, АКШнын мурдагы чакырыгын кайталады.

Абхазия менен Түштүк Осетияны Сирия эгемен өлкөлөр катары тааныганы үчүн мындан бир күн мурда Грузия Дамаск менен дипломатиялык мамилесин үзөрүн жарыялаган.

Сириянын бул кадамын "эл аралык мыйзамды бузуу" катары Евробиримдик да айыптаган.

Москва менен Тбилисинин 2008-жылкы беш күндүк согушунан кийин Грузия өзүнүн жикчил аймактары деп эсептеген Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүнүн эгемендигин жарыялаган. Бул эки аймакта тең Орусиянын аскердик базалары бар.

Аларды буга чейин эгемен өлкө катары Венесуэла, Никарагуа жана Тынч океандын аралдарындагы Науру өлкөсү тааныган. (UE)

XS
SM
MD
LG