Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

"Тилекмат аке" сыйлыгы ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонгго ыйгарылды


Ли Йонг.
Ли Йонг.

Жыл сайын берилүүчү 1-даражадагы "Тилекмат аке" сыйлыгы БУУнун Өнөр жайдагы өнүгүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Йонгго ыйгарылды. Бул тууралуу сыйлыкты негиздөөчү "Кыргызстандын дипломаттары" коомдук бирикмеси билдирди.

Уюмдун мүчөлөрү кабыл алган чечимдин негизинде 1-даражадагы "Тилекмат аке" сыйлыгы Ли Йонгго “Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүгө жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууга салым кошкондугу” үчүн берилди.

Ушул эле чечим менен 2-даражадагы «Тилекмат аке» сыйлыгы гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоого жекече салым кошкондугу үчүн КМШнын Сүрөтчүлөр кошуундарынын эл аралык конфедерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиевге да ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн 30-майда Бишкектеги Улуттук китепканада өттү. Салтанатка ТИМдин, дипломатиялык корпустардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Тилекмат аке тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, сыйлык тапшыруу аземинин соңунда чакан концерттик программа тартууланды.

“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмесинин "Тилекмат аке" сыйлыгы 2013-жылы негизделген. Ал Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарына, чет мамлекеттердин дипломаттарына эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартууга кошкон жеке салымы үчүн ыйгарылат.

"Тилекмат аке" сыйлыгына буга чейин Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мурдагы баш катчысы Муратбек Иманалиев, КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Марат Саралинов, Түркиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Метин Кылыч, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мухтар Шаханов жана башка белгилүү дипломаттар татыктуу болгон.

Тилекмат аке (1793- 1868) - Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу акылман, элчи, коомдук ишмер. Өз убагында уруулар арасындагы чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салып, кыргыз элинин Кытай, Орусия мамлекеттери, Кокон хандыгы менен болгон алака-катышын оң жолго салууга зор салым кошкон. Быйыл 23-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия ак сарайында Тилекмат Жылкайдар уулунун эстелиги ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG