Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

ИМ тобу Льеж шаарындагы терактты өзүнө алды


Льеж шаарындагы атышуу болгон жер. 29-май, 2018-жыл.
Льеж шаарындагы атышуу болгон жер. 29-май, 2018-жыл.

Бул тууралуу исламчыл экстремисттердин Интернеттеги кыймылына байкоо жүргүзгөн SITE ресурсу жазып чыкты.

29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10-30да Бельгиянын Льеж шаарынын борборундагы кафелердин биринин жанынан белгисиз киши бычак менен ошол жерде турган эки полиция кызматкерине кол салган. Ал полициячы айымдардын биринин куралын тартып алып, ошол жерден экөөнү тең атып өлтүргөн. Дагы эки полициячы жарадар болгон. Андан соң өтүп бараткан автоунаанын жүргүнчүсүн да аткан.

Бельгиянын атайын кызматтары келгиче шектүү жакын жердеги мектептердин бирине кирип барып, ал жерди жыйнап-тазалаган аялды туткунга алууга үлгүргөн. Коопсуздук күчтөрү шектүүнү атып өлтүрүшкөн.

Террактты Бельгиянын 36 жаштагы жараны Бенжаман Эрман жасаган. Ал буга чейин баңгизатка байланыштуу эркинен ажыратылып, жакында эле мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Полициянын маалыматы боюнча, ал абакта отурган маалда радикалдашып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG