Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Ибраимов: "ТНК Дастандагы" иш боюнча жооп берүүгө даярмын


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул тууралуу 30-майда "Апрель" телеканалында түз ободо маек куруп жатып билдирди. Ал "ТНК Дастан" ишканасы жабык ишкана экенин, ошондуктан телеканал аркылуу көп маалыматтарды айтууга мүмкүн эместигин билдирди. Ибраимов бул ишти "саясий негизде козголгон" деп да айта албастыгын белгиледи:

- Мен бул иштин артында саясат турат деп айта албайм. Анткени азыр бардык жерде, мекемелерде текшерүү жүрүп жатат. Мен аны кубаттайм. Ал эми "Дастандагы" иш боюнча чындыкты тергөө аныктайт, акыркы чекитти сот коет.

30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплект 6 миң 672 долларга бааланган.

Ошол эле учурда “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, муну менен “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын 30% үлүшү ошол учурда “ТНК Дастан” ААКсына тиешелүү болгон. Факт боюнча тергөө жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG