Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:45

Орус-кыргыз фондун текшерүү маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрдү.

Депутат бул фонддон насыя алуу бюрократияга айланганын белгилеп, кимге, эмне максатта канча каражат бөлүнгөнүн карап чыгыш керек экенин айтты. “Жөнөкөй ишкердин фонддун кеңсесине кириши кыйын” деди ал.

Фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине киришинин алгачкы этабындагы интеграция процесстерине көмөк көрсөтүү максатында Орусиянын жардамы менен түзүлгөн.

“Республика” партиясынын мурдагы лидери, экс-депутат жана мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Бишкектеги "Asia Mall" соода борборунун курулушун аякташ үчүн бул фонддон насыя алганы тууралуу маалымат тарап, ага карата "фонддун уставына каршы келген чечим кабыл алынды, каражат экономиканын артыкчылыктуу тармактарына гана берилиши керек болчу" деген сын-пикирлер айтылган.

Кийин Бабанов бул максатта 17 млн. доллар насыя алынганын ырастаган жана мыйзам бузулбаганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG