Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

"Кызматтык кылмыш ишин мыйзамсыз токтотту" деген үч тергөөчүгө иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда негизсиз токтотулган жана жабылган кызматтык, экономикалык кылмыш иштери кайра карала баштады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Сагынбаевдин айтымында, 8-февралда президент Коопсуздук кеңешинде койгон талаптардын негизинде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ токтотулган 2211 жана жабылган 485 ишти кайра карап чыкты. Натыйжада токтотулган 410 жана жабылган 41 ишти кайра кароо тууралуу чечим кабыл алынды. Жабылган 1 жана токтотулган 21 иш кайра сотко жөнөтүлдү.

"Мыйзамсыз жабылган же токтотулган" деп эсептелген кызматтык жана экономикалык иштерди, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү уурдоого байланыштуу иштерди кайра карап чыгуунун алкагында Финансы полициясынын бир тергөөчүсүнө жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки тергөөчүсүнө карата кылмыш иши козголду.

Быйыл 8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент катары Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүп, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы иштерди сынга алган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG