Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:41

Мамашова: Эркектердин жоопкерсиздиги жалпы элдик мүшкүлгө айланды (видео)


Айсулуу Мамашова.

Кыргызстанда эркектердин жоопкерчиликсиздиги жалпы элдик мүшкүлгө айланды. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова бүгүн ушундай пикирин билдирди.

Парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал жардам сурап кайрылган кыз милициянын имаратында ажал тапканын кескин айыптап, "эркектер бул маселени парламенттен айтып чыгууну да зарыл көрүшкөн жок" деди.

Ушул аптада Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды.

Аны ала качып баратканда кармалган кылмышка шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салганы, учурда жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG