Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Момбеков: Жалганчы жардамчы, жанбакты жансакчыларды кыскарткыла (видео)


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Элет жеринде арзыбаган айлык алгандарды эмес, министрлерди коштоп жүргөн ашыкча кызматкерлерди кыскартыш керек. Мындай пикирин бүгүн парламентте сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

- Эмне үчүн бизде, ЖК депутатында бир эле жардамчы бар, шоопурубуз да жок? Ал эми бир министрди он киши тейлейт. Жалганчы жардамчыларын, жанбакты жансакчыларынын баарын жайнатып жанында алып жүрөт. Элди ошолор иренжитип жатат. Кыскартсын, аппаратта жайнап жүргөн туфлиси чыкыраган, костюм-шым кийген, компьютерден башканы билбеген балдарды. Айылда 2-6 миң алгандарды кыскартып жатасыңар. Бул туура эмес.

Момбеков аткаруу бийлигинде жүргүзүлүп жаткан кыскартуу боюнча парламентте “өкмөттүк саат” өткөрүүнү сунуш кылды.

Буга чейин Кыргызстандын аткаруу бийлиги кызматкерлердин санын 10 пайызга азайтып, мекемелердин түзүмүн оптималдаштырып, жылына 200 миллион сомдой каражат үнөмдөөнү пландап жатканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG