Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Орусиянын тышкы иштер министри Түндүк Кореяга барды


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньянга Түндүк Кореянын жогорку кызмат адамдары менен сүйлөшкөнү барды. Белгилей кетүүчү жагдай - 12-июнга АКШ менен Түндүк Кореянын саммити пландалган.

"Биз Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын, ошондой эле АКШ менен Түндүк Кореянын байланыштарын кубаттайбыз", деди Сергей Лавров 31-майда Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Юн Хо менен жолуккандан кийин. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги кабарлады.

Лавровдун иш сапары Пхеньян Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея менен дипломатиялык байланыш түзүп жаткан учурда Москванын ордун да билдирүү максатын көздөп жатканы белгиленүүдө.

Орус министри Москва АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнө кийлигишпей турганын, Пхеньян макулдашууга жетишүү үчүн Вашингтондун кайсы кепилдиктери зарыл экенин өзү чечиши керектигин кошумчалады.

Лавровдун айтымында, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан "бир жолку отуруш" менен эле тазалап коюу оор. Бул ырааттуулукту жана сабырдуулукту талап кылат, ал жараянды атайылап шаштырбоо керек деди орус министри.

Түндүк Корея менен Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагы чектешет. Эки өлкөнүн мамилеси жылуу.

Лавров өз сөзүндө Москва Пхеньян менен да, Сеул менен да экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде темир жол куруу багытындагы иштерге кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

АКШ менен Түндүк Кореянын президенттеринин жолугушуусун 12-июнда Сингапурда өткөрүү белгиленген. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын орун басары генерал Ким Йоң Чол менен жолугушту. Анда саммитти өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

АКШ алдыдагы саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG