Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Ооган күчтөрү “Талибан” басып алган районду кайра көзөмөлгө алганын билдирди


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө Тахар провинциясындагы Дашт-и-Кала районун “Талибандын” жоочуларынан кайтарып алды. 30-майда жети саатка созулган уруштардан кийин жоочулар бул райондун борборун басып алган.

Тахар провинциясынын өкүлү Суннатуллах Тимурдун айтымында, өкмөттүк күчтөр оор кармаштан кийин районго өз көзөмөлүн орноткон.

Атышууда төрт полиция кызматкери мерт болду. Ошондой эле бир канча согушкер өлтүрүлгөн.

"Талибан" быйыл апрелде жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөт өкүлдөрүнө каршы аракеттерин күчөттү.

30-майда согушкерлердин кол салуусунан Логар провинциясында үч полиция кызматкери набыт болгон.

Ошондой эле бул күнү Кабулда Ооганстандын Ички иштер министрлигине коюлган чабуулдун мизи кайтарылган. ИИМдин өкүлү Дауд Аминдин айтымында, коопсуздук күчтөрү жалпысынан жети согушкерди жок кылды. Ал эми полиция тараптан бирөө мерт болуп, дагы алты киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG