Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Порошенко журналист Бабченкону кабыл алды


Порошенко (солдо) жана Бабченко (оңдо).
Порошенко (солдо) жана Бабченко (оңдо).

Украинанын президенти Петро Порошенко орусиялык журналист Аркадий Бабченкону "өлтүрүү иши" Коопсуздук кызматынын кылмышкерди аныктоо максатындагы атайын операциясынын алкагында жасалган инсценировка экенин билдирди.

- Бул тууралуу мен билгем. Администрацияда аны эч ким билген эмес. Мен "башкача болушу мүмкүн эмес эле" деп толук ишенем , - деди Порошенко журналист Аркадий Бабченкону кабыл алган учурда.

Жолугушууга башкы прокурор Юрий Луценко жана Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак да катышты.

- Орусиянын аймагында даярдалган кол салуунун максаты - Украинадагы кырдаалдын туруктуулугун бузуу, бийликтин ишке жарамсыздыгын көрсөтүү, анан, албетте, Орусия кимден корксо, ошону өлтүрүү, - деди Порошенко.

Ал Коопсуздук кеңешин Бабченконун өмүрүн сактап калуу боюнча операцияны ийгиликтүү өткөргөнү үчүн куттуктап, журналистти жана анын үй-бүлөсүн күнү-түнү кайтарууну тапшырды.

Орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат 29-майда чыккан. Эртеси ал тирүү экени белгилүү болгон.

Украинанын Коопсуздук кызматында иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөн басма сөз жыйынына шаршембиде журналист өзү да катышкан. Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицактын билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын коопсуздук кызматтары буюртма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылган украин жараны атайын операциянын натыйжасында кармалган. “Биз атайын операциянын аркасында Бабченкону өлтүрүү аракетин алдын-ала токтото алдык”,- деди Грицак.

Украинанын Коопсуздук кызматы журналистке кол салууну уюштурган украин жаранына 30 миң доллар төлөнгөнүн билдирүүдө.

Азырынча маалым болгондой, Украинанын атайын кызматы бул иш боюнча кармаган эки адам тең Украинанын жарандары. Кылмышты ишке ашырууга макул болгон адам башынан эле Киевдеги коопсуздук кызматы менен жашыруун байланышта болгон. Бабченко "өлдү" деп жарыяланган жасалма оюн журналистти өлтүрүүгө буюртма берген кишини кармаш үчүн уюшулган.

Атайын операциянын жыйынтыгында ал киши Орусиянын атайын кызматтары, президент Путиндин администрациясы менен байланышта болгону аныкталды. Ал адамдын колу менен жок кылына турган дагы отуздай кишинин тизмеси маалым болду. Украинанын коопсуздук кызматы Аркадий Бабченкону өлтүрүү операциясы атайылап ишке ашырылып жатканын анын аялы билген. Интернетте аны өлтүрүүгө буюртма берген адам менен аткаруучунун машиненин ичинде сүйлөшкөн сөзүнүн аудиосу жарыяланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова буга байланыштуу Москва Бабченконун тирүү болуп чыкканына кубанычта экенин, бирок украин бийлиги жалган окуяны “үгүт” катары жайылтканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG