Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Ооганстан: "Талибандын" түрмөсүндөгү 100дөй туткун бошотулду


"Талибандын" түрмөсүнөн бошогон ооган жарандары.
"Талибандын" түрмөсүнөн бошогон ооган жарандары.

Ооганстандын чалгын кызматтары өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Гилменд провинциясындагы "Талибан" кыймылына таандык түрмөдөн 100дөй адам бошотулганын, алардын арасында балдар менен аялдар да бар экенин кабарлады. Армиянын өкүлү Абдул Кадир Бахадзайдын маалыматына караганда, алар 31-май күнү талибдердин Каджаки районундагы абагынан 103 кишини бошотууга жетишкен. Бахадзай андагы кагылыштарда төрт согушкер өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

Тандалма аскер бөлүгүнүн өкүлү Жавид Салем бошотулгандар 102 адам экенин, алар бир жылдан бери камалып турганын маалымдады.

Коопсуздук күчтөрү камактан чыккандардын көбү карапайым адамдар экенин, арасында беш аял, эки бала жана үч полиция кызматкери болгонун билдирүүдө. Аларды талибдер ар кандай себептер, анын ичинде полиция менен кызматташканы үчүн абакка салышкан.

XS
SM
MD
LG