Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:37

Бишкекте инспекторду сүзүп кетүүгө аракеттенген айдоочу кармалды


Видеодон алынган кадр.

Бишкек шаарында жол коопсуздугун тескеген кызматкерди сүзүүгө аракет кылган “Lexus 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлады.

Кармалган жаран Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Тергөө жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматкер жабыр тарткан эмес.

Жол коопсуздугун тескеген кайгуул кызматкери жолтандастын алдын тосууга аракет кылганы, автоунаа аны бир нече метрге чейин жөөлөп сүзүп баратканы тартылган видео тараган. Окуя бүгүн түшкө жуук, башкалаанын Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгону кабарланды. (ErN)

Окуянын күбөсү Айсулу Ельчиндин “Фейсбукка” койгон видеосу:

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG