Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Зидан "Реал" футбол клубунун башкы машыктыруучу кызматынан кетет


Зинедин Зидан 31-майдагы маалымат жыйынында.
Зинедин Зидан 31-майдагы маалымат жыйынында.

Зинедин Зидан Мадриддин "Реал" клубунун машыктыруучу кызматынан кетерин 31-майдагы басма сөз жыйынында билдирди. Ал клубду 2016-жылдан бери жетектеп келе жаткан. Француз машыктыруучусу өз чечимин өзгөрүүлөргө жана жаңы ыкмаларга муктаж экени менен түшүндүрдү.

Зинедин Зидан башкарган жылдары "Реал" Чемпиондор лигасын үч ирет катары менен утту. Ошондой эле Испаниянын чемпиону болууга жетишкен.

Былтыр октябрда Зидан Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) "Жылдын мыкты машыктыруучусу" сыйлыгына татыган. Ал футбол тарыхына эң мыкты оюнчу да, машыктыруучу да боло алган биринчи адам катары кирди.

XS
SM
MD
LG