Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 16:59

Борис Герман "журналист Бабченкону өлтүрүүгө буюртма берген" деген шек менен камалды


Борис Герман сот залында. 31-май, 2018-жыл.

Киевдин Шевченко райондук соту журналист Аркадий Бабченкого кол салууга бйаланыштуу шек саналган Борис Германды 60 күнгө камакка алды. Күрөө аркылуу бөгөт чарасын өзгөртүү укугу жок Герман сот чечимине нааразылыгын беш күн ичинде билдирсе болот.

Борис Герман сотто Орусиянын украин бийлигин кулатууга багытталган кыймыл-аракетин аныктоочу ички чалгын кызматы менен кызматташарын билдирди. Бул маалымат башка булактардан ырасталган жок.

Герман Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан жасалган "Бабченкону өлтүрүү" операциясынын артында Вячеслав Пивоваркин аттуу киши турганын айтты. Анын сөзү боюнча Пивоваркин – украин жараны, орусиялык атайын кызмат менен байланышы бар "Путиндин жеке фондунун" кызматкери. Ал Германга кол салынуучу отуз кишинин тизмесин берип, ал тизме украин чалгын кызматына өткөрүлгөн.

Бабченконун өмүрүнө кол салууга даярдык көргөндөрдүн дагы бири - Донбасстагы согушка катышкан Алексей Цымбалюк экени кабарланууда. Күч түзүмдөрүнүн маалыматы боюнча ал өзүн бул иште аткаруучу экенин, журналистти өлтүрүү үчүн ага Герман акча бергенин билдирген.

Борис Герман – киевдик ишкер. Ал курал-жарак чыгарган бир катар ишканалардын ээси. 2006-2012-жылдары Герман эки депутаттын жардамчысы болгон.

XS
SM
MD
LG