Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Жузеппе Конте Италия өкмөтүн жетектеп берүүгө расмий макул болду


Жузеппе Конте.
Жузеппе Конте.

Ал министрлер кабинетин түзүү боюнча мандатты кабыл алып, президентке келерки өкмөттүн курамын сунуш кылды. Жаңы өкмөт мүчөлөрү 1-июнда ант беришет. Ант берген соң өкмөт толук курамы менен улуттук парламенттин эки палатасынын ишеним вотумун алууга тийиш.

Өткөн жумада Конте Италиянын Евробиримдиктеги кызыкчылыктарын коргоого убада берген.

Конте - кесипкөй адвокат, мурда саясатта жана парламентте болгон эмес. Премьер-министрликке аны эки: "Беш жылдыз кыймылы" жана "Лига" партиялары сунуш кылышкан.

Италияда эки айдан бери өкмөт куралбай жатат. 4-марттагы парламенттик шайлоодо эч кайсы партия жеңишке жеткен эмес. Анда мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция, «Беш жылдыз» кыймылы жана социал-демократтар көбүрөөк орун алган.

XS
SM
MD
LG