Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

1-июнь - Кыргызстанда балдарды коргоо күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги ымыркайлар үйүнө барат. Президент анда каралып жаткан наристелерге белек-бечкек алып барып, ымыркайлар үйүнүн абалы менен таанышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Мындан тышкары, Балдарды коргоо күнүнө карата баш калаада жеткинчектерге арналган салтанаттуу иш-чаралар, концерттик программалар, түрдүү оюн-зооктор уюштурулат. Ошондой эле майып жана жетим балдарга, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бир катар кайрымдуулук иш-чаралары өтөт. Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1-июнда түрдүү иш-чараларга жалпысынан 6500дөн ашуун балдар чакырылган. Алардын баары майып, жетим жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары.

Балдарга арналган салтанаттуу оюн-зоок иш-чаралары бүгүн өлкөнүн башка аймактарында да, облустардын, шаарлардын, райондордун борборлорунда өтөт.

Укук коргоочулар өлкөдө балдардын укуктары жакшы корголбой жатканын белгилеп, балдарга каршы зордук-зомбулук азайгандын ордуна күчөп жатканын айтып жүрүшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG