Бир жыл мурда киши колдуу болгон ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жакындары сотторго жана прокуратурага нааразылык билдирип, бул окуянын калыс иликтенишине көз салууну мамлекет башчыдан өтүнүштү.
Алар кылмыш кылгандар "тиешелүү жазасын албай жатат" деп эсептейт. Маркумдун эжеси Зульфия Уларова инисинин өлүмүнө шектүү кишилерди суракка алган милиция кызматкерлерине "Кыйноо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон прокуратураны "бир жактуу иш алып барууда" деп айыптады.
Таирбек Уларовдун сөөгү былтыр 23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылында көчө боюнда токтоп турган машиненин ичинен табылган. Көп өтпөй Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал башына тийген катуу соккудан өлгөнүн, кылмышка шектүү катары бир үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар Дамир Шабыралиев менен Наргиза Ражапова, аялдын иниси Мурат Ражапов менен өспүрүм уулу кармалганын жарыялаган.
Кийинчерээк эне-бала абактан бошотулуп, калган экөө "киши өлтүргөн" деген кине менен камалган. Ош шаардык соту Шабыралиевди 18 жылга, Мурат Ражаповду жети жылга эркинен ажыраткан. Маркумдун жакындары сот өкүмүнө нааразы болуп, жогорку сот бутагына кайрылышкан.
Бул ишти тергеген милиция кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратура апрель айында Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 2-3-бөлүгү ("Кош бойлуу аялды топтошкон адамдардын кыйноосу"), 125-беренесинин 2-бөлүгү ("Кош бойлуу келинди топтошкон адамдар эркиндигинен мыйзамсыз ажыратышы") боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) тергелип жатат. Прокуратурага кылмыш иши боюнча шектүү Наргиза Ражапова кош бойлуу экенине карабай, Ош ШИИБнин кызматкерлери аны подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча керектүү маалымат алыш үчүн кыйнашканын айтып даттанган. (ZKo)