Ашхабад эл аралык аэропортунда Түркияга уча турган каттамга киргизилбеген аял каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарынын маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, 28-майда 50дөн ашкан аял уулу менен Стамбулга учуш үчүн аэропортко барган. Бирок Миграция кызматынын өкүлдөрү баласын кое берип, аялдын өзүн каттамга киргизбей койгон.
«Миграция кызматынын өкүлдөрү аял буга чейин Стамбулга кызы менен кетип, кайра жалгыз келгенин айтышты. Алар ага катуу кыйкырып, өлкөдөн чыгарбай тургандыктарын айтышты», - деп билдирди окуянын күбөлөрүнүн бири.
Буга байланыштуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жыгылган. Андан соң шашылыш түрдө "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып кетишкен. Кийин анын каза болуп калганы кабарланды.
Күбөлөрдүн айтымында, бул көрүнүшкө нааразылыгын билдирип, окуя тууралуу маалымат каражаттарына кабарлай турганын айткан аялдын уулун атайын кызмат өкүлдөрү кармап кетип, үч-төрт саат суракка алышкан. Андан тышкары Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү каттамдын башка жүргүнчүлөрүнө "окуя жөнүндө эч кимге айтпагыла" деп эскертүү берген.
Басылманын түркмөн өкмөтүндөгү булагы кабарлагандай, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик «Türkmenhowaýollary» авиакомпаниясынын жетекчилиги жана Коопсуздук кызматтын бир нече аткаминери иштен алынышы мүмкүн. Ошондой эле булак Коопсуздук кеңешинин 30-майдагы жыйынында улуттук коопсуздук министри Доврангелди Байрамовго дал ушул окуяга байланыштуу сөгүш жарыяланганын кошумчалды.