Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:07

“Росинбанктын” жетекчилеринин бири камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Росинбанкка” козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалган банк башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары “А.Г.” тергөө бүткүчө камакка алынды. Мындай чечим чыкканын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алганын өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финполиция) кабарлады.

Финполиция билдиргендей, камакка алынган кишиге жана банктын башка жетекчилерине Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”), 350-беренеси ("Мамлекеттик документтерди, мөөр, бланктарды жасоо, даярдоо, пайдалануу жана сатуу") жана 183-беренеси ("Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу") менен кылмыш иши козголгон.

Буга банктын жооптуу кызматкерлери документтерди жасалмалаганы жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырганы себеп болгон.

Тергөө учурунда “Орусия инвестициялык банкы” (“Росинбанк”) мамлекет аралык кылмыштуу топтун ири суммадагы каражаттарын Кыргызстанга киргизип турганы аныкталды. Алар өздөрүнө жалган фирмаларга эсеп ачып, акчаны Орусия Федерациясындагы банктар аркылуу алып келип жүрүшкөн.

Андан ары салыктан бошотуу жана мүлк кирешесинен чыгаруу үчүн эсепке түшкөн акча "тышкы экономикалык ишмердүүлүк" шылтоосу менен жасалма документтер аркылуу Кыргызстандан сыртындагы жеке жана юридикалык тараптарга которулуп турган.

“Росинбанк” ачык акционердик коому жасалма документтер менен Орусиянын аймагында катталган жана Сейшель аралдарында катталган фирмаларга эсепти 2014-жылы ачкан. Ошондон бери бул компанияларга “Росинбанк” 3 млрд. рублдан ашык (3 млрд. сомдон ашык) акча жөнөткөн.

Факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы тергөө иштерин улантууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG