Бишкек шаардык кеңеши Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 3,3 гектар жерди 49 жылга бекер берүүгө макул болду. 31-майдагы жыйынында депутаттардын көбү мындай чечимге макул болуп добуш бергенин “Азаттыкка” шаардык кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага чейинки жыйында депутаттар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жер тилкесин бөлүү тууралуу өтүнүчүн колдобой койгон.
Министрликтин маалыматына караганда, быйыл 24-апрелде Бээжинде элчиликтер үчүн жер бөлүп берүү тууралуу кыргыз-кытай макулдашуусуна кол коюлган. Ага ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан Кытай элчилигине жер 49 жылга акысыз ижарага берилет. Ал эми Кытай Бээжинде 0,25 гектар жерге акысыз ижара шартында өз эсебинен Кыргызстандын элчилигине имарат куруп берет.