Кыргызстандын Жалал-Абад аймагындагы чек арачылар менен Өзбекстандын Коргон-Төбө (Курган-Тепа) участкасындагы чек арачылары жолугуп, чогуу машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Кыргыз-өзбек чек арачылары алгач чек араны коргоо боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты. Алар ыкчам маалыматтарды алмашуу маселесин карап, андан кийинки аракеттердин планын да иштеп чыгышты.
Кызматташуу аракеттери андан ары Жалал-Абаддын Сузак районунун Жийде айылындагы “Сузак” чек ара тозотунда уланды. Ал жерде эки тараптын топ башчыларына чек арачылардын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы жүрүм-турум эрежелери боюнча биргелешкен практикалык сабактар өтүлдү.
Кыргыз-өзбек чек арачылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аткезчилик арбын катталган жана чатактар көп орун алган татаал тилкелерге барышты.
Бул машыгуулар Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги менен Өзбекстандын Чек араны коргоо комитетинин башчыларынын ортосундагы ушул жылдын апрель айында жетишилген макулдашуулардын негизинде жүрүп жатат. Чек ара бөлүктөрүнүн башчыларын жана кызматкерлерин окутуунун башкы максаты - мамлекеттик чек арада курчуп кеткен жагдайлардын алдын алууда биргелешип иштешүү болуп саналат.
“Биргелешкен машыгууда көбүнчө чек аранын көйгөйлүү участкаларын аныктоого жана кыргыз-өзбек чек арасын коргоону күчөтүү иштерине басым жасалат. Мындай окутуулар түрдүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн кесиптик байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт” деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Тажибаев.
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси коңшу өлкөгө Шавхат Мирзиёев президент болуп келгенден бери оңоло баштаган. Андан бери эки өлкө башчылары бири-бирине бир нече жолу барып келишти. Ага карабай кыргыз-өзбек чегинде чыр-чатактар токтобой келатат. (ErN)