Улуттук госпиталдын микрохирургия борборунда балдарды травмадан сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. 2018-жылдын январынан май айына чейин бул борборго 75 бала ар түрдүү жаракат менен кайрылган.
Алардын 54үнө операция жасалды. Кайрылгандардын жарымынан көбү эркек балдар. Улуттук госпиталдын дарыгери Керимбек Бээрмановдун айтымында, кичинекей балдар жыгылып, манжаларын эшикке кыпчытып же ит-мышыкка тиштетип алып жаракат алышууда. Ушундан улам адистер балдарды травмадан сактоого ата-энелерди чакырышты. (BCh)