Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:58

Тажикстанда белгилүү диниятчы 25 жылга кесилди


Тажикстандык диниятчы Саид Киёмиддин Гози.
Тажикстандык диниятчы Саид Киёмиддин Гози.

Тажикстандын Жогорку соту 1990-жылдары белгилүү болгон диниятчы Саид Киёмиддин Гозини 25 жылга эркинен ажыратты. "Азаттыктын" тажик кызматы соттогу өз булактарына таянуу менен өкүм өткөн жумада чыгарылганын, жараян жабык өткөнүн жазды.

Маалым болгондой, Саид Киеммиддин Гози "улуттук, расалык, диний кастыкты козуткан, мекенине саткынчылык кылган жана конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасаган" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мамлекет тарабынан дайындалган адвокат Зафар Расулов комментарий берүүдөн баш тартты. Соттук жараянга диниятчынын туугандары киргизилген эмес.

Гози былтыр ноябрь айында Стамбулдан Санкт-Петербургга учуп барары менен дайынсыз жоголгонун анын туугандары кабарлашкан. Кийин ал Тажикстанга күчтөп жеткирилгени тууралуу имиштер тараган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жыйындардын биринде "90-жылдардагы жарандык согуштун тутанышына себепкерлердин бири Киёмиддин Гозим кармалды" деп билдирген.

Киёмиддин Гозиев же Эшон Саид Киёмиддини Гози ысым менен таанымал диниятчы 1992-жылы Шахидон аянтында коммунисттик режимге каршы эл алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн бири болгон.

Жарандык согуштун башталышы менен ал Ооганстанга өтүп, ал жакта Бириккен тажик оппозициясы менен кызматташып турган. 1997-жылы тынчтык келишимине кол коюлган соң мекенине кайткан. Кийин келишимди ишке ашырууда өтөгөн эмгеги үчүн "Шараф" ордени (Ардак ордени) менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG