Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын соту укук коргоочу Оюб Титиевдин сотко чейинки камактагы мөөнөтүн 9-июлга чейин узартты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо уюму "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. 60 жаштагы Титиев дал ушул уюмдун Чеченстандагы бөлүмүн жетектечү.
"Мемориал" 31-майда чыгарылган Грозный шаардык сотунун чечимин "негизисиз" деп атады.
Титиев маңзатка байланыштуу 9-январда камалган. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайлап маңзат салып коюшкандыгын айтып, ага тагылган айыптарды четке кагып келет.
Эгер ага тагылган айыптар далилденсе, Титиев кеминде 10 жылга кесилип кетиши ыктымал.
Оюб Титиевдин камалышы боюнча ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга чакырышкан.
Ал эми Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА) Орусияда өтө турган Дүйнөлүк чемпионатты утурлай тараткан билдирүүсүндө Москвадан Титиевди бошотууга чакырды.