Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоо боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилеринин бөлмөсүндөгү тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматта иш Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси ("Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлардын купуялыгын бузуу") менен козголгону айтылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен бөлүмүнүн жетекчилеринин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттар табылганы кабарланган.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов комитетте отчет берип жатканда бул тууралуу айтып, окуяны иликтеп, укуктук баа берүүгө чакырган. (ElM/RsK)

XS
SM
MD
LG