Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:29

Дастанбек Жумабеков: Саясий куугунтук көрө алган жокмун


Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстанда саясий куугунтук жүрүп жатат деген сөздөргө кошулбайт. Мындай пикирин ал бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Саясий куугунтук - бүгүнкү күндө андайды көрө алган жокмун. Баары мыйзам алдында тегиз болушу керек. Парламент тараптан ачык чындык айтылды. Калганын тийиштүү органдар тактайт. Ким кылмыш кылса, мамлекеттик казынага зыян келтирсе жоопкерчиликке тартылышы керек.

17-майда Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан маселе талкууланып жатканда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков укук коргоо органдарына кайрылып, калыс териштирүү жүргүзүүгө чакырып, "саясий куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Качан саясий куугунтук башталганда бийликтин аброюна шек келет" деп айткан. Исаковго ЖЭБди модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон жана айыбы угузулган. (ErN)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG