Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Интернетте Сапар Исаковду колдогон флешмоб жүрүүдө


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Интернетте айрым социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон флешмоб уюштурушту. "Сапар Исаковдон колуңду тарт", "Мен ишенбейм" сыяктуу орусча хэштег менен билдирүүлөр айрыкча "Фейсбукта" көп жазылып, Исаков күнөөсүз деген маанайдагы пикирлер таратылууда.

29-майда Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борборуна байланышкан (ЖЭБ) кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал "Президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган кезинде коррупцияга жол берген" деп айыпталууда. Мурдагы премьердин бөгөт чарасы катары андан эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тил кат алынган.

41 жаштагы Сапар Исаков - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев өлкө башында кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчиси болуп, 2017-жылы премьер-министрликти аркалаган.

Быйыл апрелде парламент Исаковду ишеним көрсөтпөө жолу менен өкмөт башчылыктан кетирген.

Сапар Исаков өзүнө карата айыптоолорду саясат менен байланыштырып, куугунтук деп сыпаттап келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG