Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Бурулайдын өлүмү боюнча ишти министр өз көзөмөлүнө алды


Бурулай Турдаалы кызы.
Бурулай Турдаалы кызы.

Чүйдүн Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иликтөөнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди:

- Милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо боюнча кызматтык иликтөө жана ишти акыйкат тергөөнү министр өз көзөмөлүнө алып, тапшырмаларды берди. Бүгүн-эртең кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ошол окуяга шалаакы мамиле кылган кызматкерлер тартип жазасына тартылат.

27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кызды ала качып бараткан киши кармалып, экөө милиция бөлүмүнө алып келинген. Шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облустук башкармалыгы жүргүзүүдө.

Кызды өлтүргөн адам ооруканада экени кабарланган.

Окуядан соң Кыргызстандын акыйкатчысы жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү тынчсыздануусун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG