Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Такси айдоочусу менен чырдашкан милиционерге сөгүш берилди


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте такси айдоочусу менен чырдашкан аймактык тескөөчүгө катуу сөгүш берилди. Ошондой эле №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды. Ички кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында ушундай чара көрүлгөнүн "Азаттык" радиосуна шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Окуя №1 шаардык милиция бөлүмүнө жакын жердеги короодо болгон.

Тартип сакчылары айдоочуга күч колдонуп, милиция бөлүмүнө сүйрөп барышкан. Чатактын чыгышына айдоочу машинесин жолго токтоткону себеп болгон.

Милиционерлер такси айдоочусу менен чырлашып, ага опуза кылып жатканы тартылган тасма 1-июнда Интернетке тараган. Видеого тарткандардын үнү да жазылып, алар күч кызматкерлери жол талашып, айдоочуга өкүмзордук кылганын айтышкан.

Видеодо эки-үч милиционер жана аларга болушуп жүргөн жарандык кийимчен дагы бир адамды көрүүгө болот. Алар тасмага тарткан тургунга да догурунуп, телефонун өчүрүүнү буйруган.

Милициянын өкүлү Адыл Оморов жарандык кийимчен адам ошол жердеги башка бир такси айдоочусу экенин билдирди. Башка милиция кызматкерлери тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG