Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда "Аймак ышкыбоздору-2018" эл аралык фестивалы өтөт. Ага 12 мамлекеттен өнөр адамдары катышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна уюштуруучулардын бири, ырчы Кайрат Салмакеев билдирди.
20-25-июнь күндөрү Тамга айылындагы Маданият үйүндө өтчү фестивалда Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттен келген жана жергиликтүү фольклорчулар, бийчилер өнөр тартуулашат.
"Ысык-Көл" коомдук фонду жана Жети-Өгүз райондук администрациясы он жылдан бери уюштуруп келаткан бул маданий иш-чара 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өтүүдө. Быйылкы фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90, Карга акенин 300, комузчу Казбек Жекшеновдун 65, бийчи Эмилбек Токтобековдун 50 жылдыгына арналат. (SE)