Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:47

4-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.

XS
SM
MD
LG