Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:45

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 сынагына катышып, "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Ал эми "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" титулун орусиялык катышуучу алган.

Саниянын артында үч баласы калды.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 183 адам жол кырсыктарында каза тапты.

Кыргызстан авария көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG