Ирандын аскерий күчтөрү Сириянын түштүк жана түштүк-батыш аймагынан кете баштаганы тууралуу "Al-Arabiya" телеканалы ишембиде жеке булактарына таянып билдирди. Ушундай эле маалымат Израил басылмаларында да жарык көрдү.
"Al-Arabiya" тараткан кабарда ливандык "Хезболла" тобу да аймактан кетип жатканы айтылат. Бул топ иранчыл деп сыпатталып жүрөт.
Иран жана "Хезболла" жикчилдерге каршы Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө колдоо көрсөтөт. Муну сындап келген Израил бир канча ирет алардын турумдарына сокку урганы кабарланган.
Иран аскерлери узаган аптада Израил менен Орусиянын Москвада жетишилген макулдашуусунун негизинде аймактан кетип жатканын "Интерфакс" агенттиги жазды. Ушундай эле билдирүү Израилдин маалымат каражаттарына да чыкты.
Орусия да Иран сыяктуу Сириянын өкмөттүк күчтөрүн колдойт.
Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем ишемби күнү өлкөдө Ирандын "аскерий кеңешчилери" бар экенин, бирок Ирандын базасы жоктугун айткан. Ал АКШны да өлкө түштүгүндөгү ат-Танф аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган.