Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Жумабеков: Кытайга жерди убактылуу берүү - дипломатиялык келишим


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Кыргызстан менен Кытайдын жер алмашуусу дипломатиялык чечим. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Азаттык" радиосуна билдирип, азырынча парламентке бул келишимдин документи келе электигин айтты:

- Биздин тийиштүү комитеттерден каралат. Бул дипломатиялык келишим болот. Бизге келип түшкөндөн кийин комитеттер дипломатиялык, саясий жагын карап, өзүнүн баасын берет.

Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган үч гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө май айынын соңунда макул болгон.

Кытай буга жооп кылып Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермекчи.

Эки тарап тең ал жерди ижара акысын төлөбөй 49 жыл пайдалана алат. Мындай макулдашуу коомчулукта кызуу талкууга түшүп, нааразы пикирлер көп айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG