Балтика боюнда жана Польшада НАТОнун 18 миң аскери катышкан Sabre Strike машыгуулары башталды. 19 мамлекеттин жоокерлери катышкан иш-чара 3-июндан 15-июнга чейин уланат.
Ал тапта Польша өкмөтү өз аймагынан АКШ аскерлерине туруктуу жай берүү сунушун карап жатканын билдирди.
2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алган соң АКШ жана НАТО кошуундары Польшадагы аскерий даярдыктын көлөмүн кеңейте баштаган.