Эл аралык космос станциясынын экипажы 3-июнда Жерге кайтып келди. Космонавттар отурган капсула Казакстанга конгон.
Орусиялык Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана жапониялык Норишиге Канаи космосто 168 күн иштешти.
Бул аралыкта алар илимий-прикладдык иликтөө, эксперименттерди жүргүзүп, Эл аралык космос станциясынын ишин камсыздашты.
Алардын ордуна эми Эл аралык космос станциясында 56-экспедиция ишке киришет. Курамына орусиялык Сергей Прокопьев, америкалык Серена Ауньон жана германиялык Александр Герст кирген жаңы команда 6-июнда Байкоңурдан учурулат.