Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Жогорку сот камактагы саясатчылардын ишин карайт


Абактагы саясатчыларды колдогон акция. 2017-жыл.
Абактагы саясатчыларды колдогон акция. 2017-жыл.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” өкмөттүк эмес уюмунун өкүлдөрү билдиришкендей, Жогорку сотто камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун ишин кароо бүгүн саат 14.00гө белгиленген.

Алар 2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК тарабынан кармалган.

Былтыр 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту төртөөнү тең күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылдан, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.

Соттолгондор кылмыш ишинин козголушун саясат менен байланыштырып келишет. Баары райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанып, быйыл 7-февралда шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Андан кийин Башкы прокуратура булардын жазасын күчөтүүнү өтүнүп Жогорку сотко кайрылган. Эки жыл ичинде райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык карады.

Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишти кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды. (NT)

XS
SM
MD
LG