Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Кыргызстанда дем алыш күндөрү он өрт катталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек, Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Чүй облустарында бирден өрт чыкты. 

Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында экиден өрт катталды. Азыр кырсыктын зыяны саналып жатат. 

Буга чейин ӨКМ Кыргызстанда быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт көп чыгып жатканын маалымдаган.

Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы тилсиз жоодон 31 адам каза болгон. Өрт кырсыктарына көбүнчө электр жабдууларын туура эмес колдонуу, этиятсыздык, меш пайдалануудагы эреже бузуу, балдардын от менен ойногону себеп болот.

XS
SM
MD
LG