Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Кабулда жанкечтинин жардыруусунан кеминде жети киши өлдү


Кабулдагы диний жыйын.
Кабулдагы диний жыйын.

Кабулдагы диний жыйын өтүп жаткан учурда уюштурулган жанкечтинин жардыруусу кеминде жети кишинин өмүрүн алды.

Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, жардыруу Аалымдар кеңешинин чогулушу өтүп жаткан имараттын кире беришинде болгон. Жыйынга чогулган эки миңдей киши, алардын арасында диниятчылар, окумуштуулар жана бийлик өкүлдөрү жанкечтилердин жардыруусу ислам шариятына каршы келерин белгилеп, буга каршы тийиштүү фатва кабыл алышкан.

Жыйында ошондой эле “Талибанды” жана башка согушкер топторду ок атышууну токтотууга, тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө отурууга чакырган кайрылуу кабыл алынды. Орозо башталганына карабастан согушкерлер акыркы айда баш калаа Кабулда жана аймактарда ондогон карапайым тургундарды өлтүрүштү. Апрель айында “Талибан” кыймылы өзүнүн жазгы чабуулдарын баштаарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG