Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюму Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгы менен кошо "Балдардын оюн кербенин" уюштурууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Айпери Алымбекова "Азаттыкка" билдирди.
"Балдардын оюн кербени" жети дубанды кыдырып, кыргыздын унутулуп же ойнолбой калган 25 түрдүү оюндарын жандандырууну максат кылат. Кербен аймактарды 30-июнга чейин кыдырат. Эң алгач кербен Кант шаарынан башталып, жалпысынан иш-чара жети облустун 14 шаарын жана айылдарын камтыйт.
- Мындай саамалык аркылуу биз ата-энелерди балдарына көбүрөөк убакыт бөлүүгө үндөйбүз. Оюндар балдардын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизет. Ар кандай улуттук оюндар аркылуу маанилүү сапаттар калыптанат, - деди Алымбекова.
Өтүүчү иш-чарага кирүү акысыз жана каалаган ата-эне балдарын ээрчитип келип, ар түрдүү оюндарды ойнотуп көрсөтсө болот. Кербендин жүрүшүндө балдар менен атайын ыктыярчылар жана тренерлер ойношот.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жашы жете электердин саны эки миллионду түзөт. (KR)