Кыргызстанда менингит оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева билдирди:
- Былтыр алгачкы төрт айда 27 учур катталса, быйыл 10 болду. Өлгөндөр жок. Баары айыкты. Бул оору 15-20 жылда цикл менен кайталанып турат. Акыркы жолу 2013-2015-жылдары болгон.
Казакстанда быйыл жыл башынан бери 58 адам менингитке чалдыкты, алардын 12 каза болду. Бейтаптар менен байланышта болгон 4136 адам азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.
Динара Оторбаева менингит менен ооруп жаткан адам абдан кыйналгандыктан ээн-эркин басып жүрө албай тургандыгын, демек анын оорусу кыргызстандыктарга жугушу күмөн экенин белгиледи. Бирок анын айтымында инкубациялык (жашыруун) мөөнөттөгүлөрдөн эки өлкө ортосундагы каттамдын ачыктыгынан улам жугушу мүмкүн, ошондуктан ар бир адам тазалыкты сакташы маанилүү. (RK)