Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Сингапурда Трамп менен Кимдин саммитине атайын аймак даярдалды


Сингапур.
Сингапур.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын Сингапурдагы жолугушуусу атайын даярдалган аймакта өтөт. Ал аймак 10-июндан 14-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу Сингапур өкмөтүнүн дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө айтылат. Танглин, Ньютон жана Орчард райондору кирген аймакта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги, АКШнын элчилиги жана бир канча ири мейманканалар орун алган.

Буга чейин маалым болгондой, иш сапарында Пхеньян Сингапурга өз автоунааларын алып келбейт. Сингапурлук "Стрейтс таймс" гезитинин жазганы боюнча, алар автоунааны ошол жерден ижарага алууну көздөп жатат. Бирок саммитке даярдык көрүш үчүн келген түндүк кореялык өкүлдөр АКШ президентиникинен кем эмес автоунаа берүүнү талап кылышкан. Америка тарап болсо, салт болуп калгандай, Сингапурга "Кадиллак" лимузиндерин алып келет.

"Вашингтон пост" гезити буга чейин Америка тарап Түндүк Кореянын делегациясынын, анын ичинде Ким Чен Ындын мейманканада жашаган чыгымдарын төлөп берүүнүн жолдорун издеп жатышканын жазган. Сингапурдун бийлиги чыгымдын кайсы бир бөлүгүн өзүнө алышы мүмкүн экенин билдирген.

Өткөн жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп 12-июнда Сингапурда Түндүк Кореянын президенти менен жолугарын ырастаган. Түндүк Кореянын лидери буга чейин Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жөнүндө оюн билдирген, бирок ал бул жараянды акырындык менен өткөрүш керек деп эсептейт.

Вашингтон болсо Пхеньян өзөктүк куралдан дароо баш тартышы керек деген ойдо болууда.

XS
SM
MD
LG