Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Баку соту “Азаттыктын” азери кызматынын сайтын бөгөттөгөн чечимди күчүндө калтырды


Бакунун кассациялык соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Азербайжан редакциясынын Интернеттеги сайтына коюлган бөгөттү алып салуу боюнча арызды канааттандырган жок.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Azadliq.org” азери кызматынын сайтына бөгөт коюу жөнүндө сот былтыр чечим чыгарган. Тиешелүү арыз менен Башкы прокуратура кайрылган. Прокуратура маалымат каражаты улуттук коопсуздукка “коркунуч жаратат" деп билдирген.

“Azadliq.org” сайтына каршы чаралар ал президент Илхам Алиевге жана анын жакындарына тиешеси бар каржылык операциялар тууралуу материалдарды басып чыгаргандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG