Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Нааразылыктан улам Иорданиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти


Хани Мулки.
Хани Мулки.

Иорданиянын премьер-министри Хани Мулки дүйшөмбүдө кызматтан кетти. Мындай чечимди ал падыша Абдулла менен жолуккандан кийин кабыл алган. Буга чейин падыша Абдулла премьер-министрди чакырып, өлкөдө акыркы түзүлгөн кырдалды талкуулаган. Абдулла жаңы өкмөттү түзүүнү билим берүү министри Омар Раззазга жүктөдү.

Иорданияда нааразылык акциялары беш күндөн бери уланып жатат. Бүгүн борбор шаар Аммандагы өкмөт үйүнүн алдына 5000дей киши чыкты. Алар Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) сунушу менен киреше салыгын жогорулатууга жана бааларды көтөрүүгө каршы болуп жатат. Нааразылык акциясынын катышуучулары премьер-министр Хани Мулкинин кызматтан кетишин талап кылып, "чөгөлөбөй" тургандыгын билдиришкен. Жаңы салыктарды киргизүүгө парламенттеги депутаттардын көбү да каршы.

Көп аймагы чөлдөн турган, табигый ресурстары чектелүү Иорданияда былтыр нан, күйүүчү май, электр энергиясы сыяктуу негизги товарлар жана кызматтар бир канча жолу кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG